Бугунку куну, жогорку бийликтин буйруктары ишке ашпай жатканы «Карагач сеил багынын» айланасында жашаган жергиликтуу элдерди наразы кылат. Ошого байланыштуу 26 майда, саат 10-00 до, жергиликтуу элдер Эко-Акциясын откорушот.

 

Кыргызстан жышылдар саясий партиясы» Свердлов районуна байланыштуу, Осмоналиев кочосу тарабындагы Карагач сеил багынын айланасында болгон чатака конул буруп маалымдайт. (Карагачевая роща).

2007 жылдан баштап бул жерде тамдар салынып башталган. Жергиликтуу эл буга абдан каршы, себеби бак-дарактар кыйылып, дренаждык системалар бузулуп, уйлорду жердин астындагы суулар каптап, уйдун дубалдары когоруп жатат – деп арызданышат.

Партия мучолору бул жердеги койгойлорду тактап жатканда, Биринчи-май районундагы «Жаштар» сеил багынын айланасында болгон койгойлорго коп окшоштуктарды белгиледи. Совет доорунда бул жерлер саздак болуп, жер астындагы суулар коптук кылып, салынган уйлорго ар кандай коркунуч алып келбеши учун атайын бак дарактар отургузулган болчу экен. Ал эми бугунку куну бийликтин кээбир окулдору акчага, байлыка мас болуп мыйзамды одоно бузушуп, жаратылышка каршы чыгып, адамдардын омурун коркунукчка дуушар кылып жатышат.

Жергиликтуу элдер Шаардык мэрияга, Архитектура башкармасына, Мамлекеттик каттоо органына, ошону менен бирге Президентке да кайрылуу кат жазышкан. Май 2012 жылы Бишкек шаарынын башчысы И.Омуркулов келип, жергиликтуу элдер менен жолугушуп, маселени он жагына чечууго убада берип кетет. Андан кийин 17 майда премьер министр О.Бабановдун Бишкек шаарындагы жайгашкан сеил бактарында ар кандай уй курулуштарын токтотууга буйрук берген.

Бирок тилеке каршы, бугунку куну мэрдин убадасы ишке ашпай, премьер министирдин буйругу аткарылбай жатат, тамдардын курулушу токтомок турмай жаны фундаменттер куйулуп, бактар кыйылып жатат – деп элдер нааразы. Жергиликтуу элдерден кем эмес, кээ бир жаны тургундар да абдан капа болуп жатышат, себеби алардын колунда свердлов районунан берилеген кызыл китептери бар экенин, мыйзам чегинде там салып жатышканын айтып кетишти. Ал эми кээ бир уйлорду жалданган усталар салып жатышыптыр, бул маселе менен ишибиз жок деп жооп беришти.

26 майда, саат 10-00 до, Осмонкул кочосундогу, Табучинская менен Суворова кичи кочолорунун кесилишинде жергиликтуу элдер Эко Акция откорушот. (Чыгыш автовокзалдын батыш тарабындагы Осмонкул кочосу менен тундук карай журуп, БЧК дан откондон кийин, Табучинский кичи кочосуно солго кайрылып, Суворов кочосуно чеин келесиздер, жергиликтуу элдер сиздерди кутуп алат)