ЭЛ МЕНЕН БОЛГОМ, БОЛО БЕРЕМ! Эркин Касымович Булекбаев №9

20.11.2021
Распечатать

Урматтуу Московский шайлоо округунун жашоочулары! Урматтуу кыргызстандыктар!

Мен силерге чексиз ыраазымын, анткени менин бүткүл коомдук-саясий ишмердүүлүгүм Московский жана Сокулук райондору менен башталган жана менин мекеним Кыргызстаным менен тыгыз байланыштуу. Мен ушул жерде туулуп-өскөнмүн, Советтик Кыргызстандын уулумун. Баарыбыздын тарыхыбыз, тагдырыбыз бир!

Жогорку Кеңештин депутаты - бул Кыргызстандын БАРДЫК жарандарынын кызыкчылыктарын коргой турган жогорку МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУ мамлекеттик кызмат. Сиздердин жогорку колдооңуздар менен 1998-жылы 2005-жылга чейин КР ЖКнын эки чакырылышынын депутаты болуп, ишенимиңиздерге ээ болуп келгем.

Бул жолу да мага ишеним көрсөтсөңүз, анда Кыргызстандын парламентинде иштеп, экономист, юрист катары бардык турмуштук тажрыйбамды, билимимди жогорудан ылдыйга чейин мыйзамдуулукту орнотууга, коррупция менен күрөшүүгө, социалдык адилеттүүлүктү орнотууга жумшайм. Ар тараптуу коррупция бүгүнкү күндө экономиканы өнүктүрүү үчүн гана эмес, кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн да олуттуу коркунуч жаратууда. Коррупция менен күрөш аны пайда кылган себептер менен эмес системалуу түрдө жүргүзүлбөстөн, тандалма, натыйжасыз жүргүзүлүүдө.

“Кыргызстандын Жашылдар Партиясы” менин жетекчилигимдин астында 2004-жылдан тартып А.Акаевдин, К.Бакиевдин, А.Атамбаевдин жана С.Жээнбековдун кылмыштуу режимдеринин коррупциялык схемалары менен күрөшүп келген, дайыма Кыргызстандын демократиялык өнүгүшү үчүн гана чыккан жана чыга бермекчи!

 

БИЙЛИК ТАЗА, САЯСАТ ДА ТАЗА БОЛУУГА ТИЙИШ!

 

Социалдык акыйкаттуулук – бул ар бирибиздин өзүбүздүн ишибиз үчүн, өзүбүздүн өлкөбүз үчүн жалпы ЖООПКЕРЧИЛИГИБИЗ.

 

Бул аң-сезимдүү жоопкерчилик жана келечек муунга тунук ТАЗА АБАНЫ, ТАЗА СУУНУ, ТАЗА ЖЕРДИ жана прогрессивдүү ТАЗА КООМДУ өткөрүп берүүнүн зарылчылыгы!

 

Менин дитим шовинизмди жана сепаратизмди, улуттук жана диний касташууну жана адам укуктарын бузууга багытталган аракеттерди жана чакырыктарды кабылдабайт.

 

Келгиле, АКЫЙКАТТЫК, ЖООПКЕРЧИЛИК ЖАНА ПРОГРЕСС үчүн биргеликте алгылыктуу ийгиликтерди жараталы!

Copyright © 2004-2022. Все права защищены законом об авторском праве.
При размещении материалов ссылка на сайт GREEN.KG обязательна!
Яндекс.Метрика